Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Балдар укугу жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча иш-чаралар планын талкуулоо жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 5-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-февралындагы №104 тескемеси менен бекитилген Балдар укугу жөнүндө конвенцияны сапаттуу аткаруу боюнча иш-чаралар планын талкуулоо максатында жыйын болуп өттү.
Жыйындын башында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары А.Д. Орозбаева сөз сүйлөп, мындай деди:
“Балдар — биздин келечек, алардын укуктарын коргоо мамлекеттин да, ар бирибиздин да милдетибиз. Балдар укугу жөнүндө конвенцияны сапаттуу аткаруу үчүн ведомстволор аралык ишти күчөтүү, мындан аркы кадамдарды тактап талкуулоо зарыл. Биргелешкен аракеттер менен биз жыйынтык көрсөткүчтөрдү камсыз кыла алабыз”.
Жыйындын жүрүшүндө БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин Кыргыз Республикасынын 2025–2028-жылдарга сунушталган бириктирилген бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча берген корутунду жана сын-пикирлерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын жарым жылдык аткарылышы талданды. Ошондой эле, бул пландын аткарылышында министрликтер жана ведомстволор ортосундагы кызматташтыкта жаралган маселелерди аныктоо, аларды чечүү жолдорун издөө, биргелешкен иш-аракеттерди жана аткаруу мөөнөттөрүн макулдашуу маселелери талкууланды.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын өкүлү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар