2025-жылдын башынан тартып 91 188 балага «Балага сүйүнчү» төлөндү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт: 2025-жылдын 1-сентябрына карата бала төрөлгөн учурда берилүүчү «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулуна 365 994 000 сом төлөндү.

Бул каражат 91 188 жаңы төрөлгөн балага төлөндү, анын ичинде бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 27 үч эмге жалпы суммасы 1 350 000 сом берилди.

Салыштыруу үчүн: 2024-жылдын 1-сентябрына карата бул жөлөкпулга 388 977 000 сом каралып, 96 934 балага төлөнгөн, анын ичинде 27 үч эмге да 1 350 000 сом берилген.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөмдүн өлчөмү 4 000 сомду түзөт. Эгер бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бирине 50 000 сомдон төлөнөт.

Бир жолку жөлөкпулду алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалды каттоо органдарына кайрылуу зарыл.

Жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта  алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.

“Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн керектелүүчү документтер өзүңүзгө таандык жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

 

Өтүнмө берилгенден кийин каражат 2 иш күнү ичинде банктык эсепке которулат.

Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Пайдалуу
Ссылкалар