Бишкекте 2025-жылдын 8 айында иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрү аркылуу 4 миңден ашык жаран ишке орношту

 

Бишкек шаарынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–август айларында ишканалар жана уюмдар тарабынан 9 040 бош орун берилген, алардын ичинен 6 442си – жумушчу орундар. 2025-жылдын 1-сентябрына карата бош орундар базасында 4 263 орун калган, анын ичинен 2 924ү жумушчу орундар болуп эсептелет.

Эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптер: мугалим, дарыгер, айдоочу, тигүүчү, сатуучу, курьер, официант.

Сегиз айдын ичинде жумуш издеп иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө кайрылгандардын саны 11 251 адамды түздү. Алардын ичинен 3 927си жумуш издөөчү катары каттоого алынып, 7 324 жаранга эмгек мыйзамдары, кесиптик окуу жана кайра даярдоо, кесип тандоо жана жумуш ордун алмаштыруу боюнча консультациялар берилген.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн жардамы менен 2 915 жумушсуз жаран ишке орноштурулса, окуусун аяктагандан кийин дагы 1 129 адам жумушка орношту.

Кызматтардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири – жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү болуп саналат. Атап айтканда:

  • кесиптик окутуу жана кайра даярдоо (1 433 адам окутууга жөнөтүлгөн);
  • акы төлөнүүчү коомдук иштер (825 адам тартылган);
  • социалдык контракттын негизинде ишкердик ишмердүүлүк;
  • жаштар стажировкасы.

Ошондой эле отчёттук мезгил ичинде Бишкек шаарынын 57 мектебинин 9-классын аяктаган 5 011 бүтүрүүчү кесиптик тестирлөөдөн өттү.

2025-жылдын май айынан тартып Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына өткөрүлгөн 1221 колл-борбору иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча 263 чалууну кабыл алды.

 

Пайдалуу
Ссылкалар