Кыргызстандын Эмгек министрлигинин РФтеги Өкүлчүлүгү мекендештерге 2025-жылдын 8 айында 34 млн рублдан ашуун акча өндүрүп берүүгө көмөктөштү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү кыргызстандык эмгек мигранттарынын социалдык-эмгек укуктарын коргоодо колдоо көрсөтүүнү улантууда.

2025-жылдын сегиз айынын ичинде Өкүлчүлүктүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын 273 жаранына жалпы суммасы 23,4 млн рубль өлчөмүндөгү эмгек акысынын төлөнбөй калган бөлүгүн өндүрүп берүүгө жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, 7 кыргызстандык жаранга өндүрүштүк кырсыктан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүлөрдөн 10,7 млн рубль өлчөмүндө компенсация өндүрүп берүүгө көмөк көрсөтүлдү.

Жалпысынан, Өкүлчүлүк 2022-жылдын ноябрь айынан тартып иштей баштагандан бери 1417 кыргызстандык эмгек мигрантка жардам көрсөтүлүп, аларга эмгек акысын жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн компенсацияларды өндүрүп берүү аркылуу жалпы суммасы 118 млн рублдан ашык каражат кайтарылды.

Пайдалуу
Ссылкалар