Эмгек министрлиги: үй-бүлөнүн үч баласы атасынын жанында жана туугандарынын колунда
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт, 12-сентябрда Ак-Бешим-2 айылында трагедиялуу окуя катталды — эне эки баласынын өлүмүнө шектүү катары кармалды.
Белгилүү болгондой, бул үй-бүлөдө дагы үч бала бар. Учурда алар атасы менен чогуу, балдарды багууда жана тарбиялоодо атасынын эжеси да колдоо көрсөтөт.
Министрликтин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тергөө органдары менен биргеликте дароо окуя болгон жерге чыгып, балдардын коопсуздугун камсыздап, зарыл камкордук чараларын көрүштү.
Белгилей кетсек, буга чейин бул үй-бүлө оор жашоо кырдаалында турган үй-бүлө катары каттоого алынган эмес.














