Россия Федерациясынан 5 ымыркай бала мекенге кайтарылды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 13-сентябрында Россия Федерациясынан ата-энесинин камкордугусуз калган 5 ымыркай бала Кыргыз Республикасына мекенге кайтарылды.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин тыгыз кызматташуусунда жүзөгө ашырылды.
Мекенге кайтарылган балдар Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине жайгаштырылып, мамлекеттик социалдык коргоого алынды. Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан алардын туугандарына өткөрүп берүү маселелери каралууда














