Москва райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт

Москва райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык казматтын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орнандарынын кадрларынын резервине кабыл  алуу үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, – Өкмөт, анын түзүлүшү жана иштери, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө  конкурс жарыялайт:

– Мамлекеттик кызматтын бош административдик кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө:

Москва райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрдык резервине кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

1.Кыргыз Республикасы жараны болуу керек;

2.Кеминде 21 жашта болуусу керек;

3.Кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда бул кызматка белгиленген квалификациялык талаптарды сактоо.

   Кадрдык резервге кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

Бош административдик кызмат орундарынын кенже тобунун ченемдик укуктук актылары:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдддык кызмат жөнүндө» КР-нын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.   

Мамлекеттик  жөлөкпулдарды дайындоо, социалдык кепилдиктер жана социалдык кызматтарды көрсөтүү бөлүмүнүн адиси кызматына:

– жогорку билим;

-иш стажына талаптарды койбостон.

Кесиптик компетенттүүлүгү. Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодекси, КР-нын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдектери жөнүндө» Мыйзамы, КР-нын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамы.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

– жеке арыз:  

 резюме ( электрондук почтаны көрсөтүү менен);

– омур баян (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат-аныктама көрсөтүү);

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш тажрыйбасы менен) нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринде тастыкталган;

– негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо), нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринде тастыкталган;

– илимий даража жана каттоо наамын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү;

   Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, 13.06.2025-жылдан 26.06.2025-жылга чейин Москва району, Беловодск а.  көч. Ленина 25, Москва областтык мамлекеттик статистика башкармасынын имараты, 2-кабат, кабинет. 205. Сурап ​​билүү телефону: (03131) 5-27-31

Пайдалуу
Ссылкалар