Москвада кыргызстандыктарга 3,6 млн рубль эмгек акы карызы толугу менен төлөндү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарына эмгек укуктарын коргоодо колдоо көрсөтүүнү улантууда.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын 16 жараны эмгек акысынын төлөнбөгөндүгү боюнча биргелешип кайрылгандан кийин, Өкүлчүлүк тарабынан ООО «Комплекс Инжиниринг» жетекчилиги менен зарыл иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мекендештердин алдындагы эмгек акы карызы толук көлөмдө жабылды. Жалпы төлөнгөн сумма 3 600 000 рублди түздү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги белгилеп кетет: социалдык-эмгек укуктары бузулган жарандарыбыз Москвада тиешелүү консультация жана укуктук колдоо алуу үчүн Россия Федерациясындагы Министрликтин Өкүлчүлүгүнө кайрыла алышат.

Пайдалуу
Ссылкалар