Кыргызстандагы 17 социалдык мекеме 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярданууда
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева бир катар социалдык стационардык мекемелерди күз-кыш мезгилине даярдыктардын жүрүшү менен таанышуу максатында барып көрдү.
Сапардын жүрүшүндө имараттар жана жайлар каралып чыгып, жылытуу системалары текшерилди, ошондой эле отун, азык-түлүк жана дары-дармектердин керектүү запастарынын бар-жогу боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Айрыкча коопсуздук чараларын камсыз кылууга жана социалдык кызмат алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдөгү 17 социалдык стационардык мекеменин 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маалымдайт. Бардык объектилер жеринде текшерилип, алардын даярдыгы министрликтин тыкыр көзөмөлүндө турат.
Жылытуу системалары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- 4 мекеме көмүр менен жылытылат,
- 3 мекеме аралаш түрдө (көмүр жана электр энергиясы),
- 9 мекеме электр энергиясы менен жылытылат.
Мындан тышкары, майыптылуулугу бар балдар үчүн «Келечек» реабилитациялык борбору борбордук жылытуу системасына кошулган.
Социалдык коргоо департаментинин көмүр жеткирүү боюнча маалыматы боюнча:
- Сүлүктү ССУ 33,7 тонна көмүр боюнча келишим түзүп, жеткирүү этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
- Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 310 тонна боюнча келишим түзүп, алгачкы 150 тонна жакынкы күндөрү келери күтүлүүдө.
- Н. Серафимов ССМде келишим боюнча 800 тонналык көлөмдөн 330 тоннасын алды, калган бөлүгү сентябрдын аягына чейин жеткирилет.
- Токмок психоневрологиялык ССУ №1 толук 450 тонна көмүр менен камсыз болуп, от казандар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
Учурда бардык социалдык мекемелер жылытуу сезонуна активдүү даярдык көрүүдө. Көмүр жеткирүү жана оңдоп-түзөө иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Министрлик бул процессти тынымсыз көзөмөлгө алып турат.
















