49 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясын төлөөдө жеңилдик алды
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы №546 «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясынын төлөмүн төмөндөтүү аркылуу колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыгынын негизинде 2022-жылдан тартып 16 жашка чейинки балдары бар жана «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алып жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүлүп келе жатат.
Аталган Жарлыкка ылайык:
- 2022-жылдан тартып айына 700 кВт·с чейин электр энергиясын пайдаланган үй-бүлөлөр үчүн 1 кВт·с баасы 50 тыйын өлчөмүндө белгиленген;
- 2024-жылдын май айынан тартып тариф жаңыланып, 55,4 тыйын өлчөмүндө болуп белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктары «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулардын жаңыланган тизмесин ар ай сайын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүп, жарандарды жеңилдетилген тариф менен камсыздоону камсыз кылышууда.
2025-жылдын 1-сентябрына карата «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган 53 680 үй-бүлөнүн ичинен 49 510 үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөп, бул жалпы алуучулардын 92,2% түздү.
Айрым үй-бүлөлөрдүн жеңилдик ала албай калышынын негизги себептери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- арендалык батирлерде өзүнчө эсептик эсептеринин жоктугу;
- дачаларда жашаган жарандардын турак жайына тиешелүү укук тастыктоочу документтердин (кызыл китептин) жоктугу;
- өндүрүштүк жайларда убактылуу жашоо;
- электр энергиясы жетпеген шарттарда жашоо (кашараларда, жаңы салынган, бирок электр тармагына кошула элек үйлөрдө же энергокомпаниялар менен келишим жок болгон учурларда).
Ушул себептерден улам айрым учурда жеңилдик берүү мүмкүн болгон жок.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктары жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана жеңилдетилген тарифтерди алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүнү улантууда.














