Эмгек министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринде 504 улгайган жана майыптуулугу бар жарандар кызмат алышат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 социалдык стационардык мекеме (ССМ) өз ишмердүүлүгүн алып барат жана республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Бүгүнкү күндө, ССМдерде жалпысынан 2399 кызмат алуучу бар. Анын ичинен улгайган жарандардын жана майыптуулугу бар жарандардын саны – 504,

  • Б. Салиева ысымындагы Нижняя-Серафимовкадагы улгайган жана

ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ССМинде – 289 адам;

  • Бакай-Атадагы жалпы типтеги улгайган жана ДМЧ жарандардын

ССМинде – 78 адам;

  • Сүлүктүдөгү жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун

мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ССМинде – 15 адам;

  • Сузактагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген

жарандардын жалпы типтеги ССМинде – 97 адам;

  • Токтогулдагы жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун

мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын “Кара-Каш” ССМинде– 25 адам.

Министрлик социалдык мекемелерди стационардык жардамга муктаж жарандардын ыңгайлуулугун камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.

Пайдалуу
Ссылкалар