Эмгек министри Канат Сагынбаев: Улуу муунга ар дайым камкордук, урмат-сый жана ыраазычылык билдиришибиз керек

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Эл аралык карылар күнүнө карата Токмок шаарына барып, эмгек ардагери Валентина Алексеевна Кручининаны куттуктады.

Валентина Кручинина 1939-жылы Кант шаарында туулган. Фрунзе курулуш техникумун аяктагандан кийин Кен-Булунддагы “Темир-Бетон” заводунда иштеп, башкы технологдон директордун орун басарына чейинки жолду басып өткөн. Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн ал “Эмгектин ардагери”наамын алган. 2011-жылдан тартып Токмок райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан үйүндө социалдык тейлөө кызматын алып келет.

Анын уулу Муртазин Алексей Хайдарович Афган согушуна катышып, 20 жаш курагында аскердик милдетин аткарып жатып каза болгон.

Жолугушуу учурунда министр көрсөтүлүп жаткан социалдык кызматтардын сапатына кызыкты. Валентина Алексеевна социалдык кызматкерлердин иши тууралуу жылуу пикирин билдирип, көңүл бурганы жана камкордугу үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Канат Сагынбаев ага өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, ден соолук, бакубатчылык каалады.

Бул күнү министр ошондой эле социалдык кызматкер Матубраим Айдаровду куттуктап, анын кесибине берилгендигин жана жан аябас эмгегин белгиледи. 70 жаш курагына карабастан, 17 жылдан  бери жалгыз бой 13 улгайган жаранга кызмат көрсөтүүнү улантууда. Матубраим Айдаров өз эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик жана аймактык сыйлыктарга, анын ичинде “Социалдык коргоонун отличниги”төш белгиси менен сыйланган.

Майрамга карата социалдык кызматкерлер тарабынан позитивдүү маанайда ырлар аткарылып, майрамдык маанай тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек ардагерлерине жана карыларга көңүл буруу маанилүү экенин белгилеп, социалдык колдоо жана жардам көрсөтүү программаларын ишке ашырууну улантууда.

Пайдалуу
Ссылкалар