Кыргызстан жаңжал чыккан аймактардан кайтып келген балдарды репатриациялоо жана реинтеграциялоо маселеси боюнча регионалдык конференцияны өткөрүүдө

 

29-30-сентябрда Бишкекте Сириядан жана Ирактан кайтып келген балдарды жана энелерди кайтаруу жана коомго кайра кошуу (реинтеграция) маселелерине арналган регионалдык конференция өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Европа Комиссиясынын Тышкы саясат аспаптары кызматы (FPI) жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча Регионалдык бюросу биргеликте уюштурулду.

Конференциянын ишине Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү, ошондой эле Европа Биримдигинин, АКШнын делегациялары жана балдарды коргоо боюнча эл аралык эксперттер катышууда.

Конференция репатриация, психосоциалдык колдоо, билимге жана саламаттыкты сактоого жеткиликтүүлүк боюнча тажрыйба алмашууга жана балдардын коомго ийгиликтүү интеграциясы үчүн туруктуу чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан катышуучуларга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Жаңжал чыккан аймактардан кайтып келген балдарды жана энелерди реинтеграциялоо – бул бир жолку кийлигишүү эмес, чыдамкайлыкты, жоопкерчиликти жана ар тармактуу кызматташууну талап кылган узак мөөнөттүү процесс. Бул балдар – биздин жарандар, алар коопсуз жана татыктуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушу керек. Биз өнөктөштөрүбүзгө – ЮНИСЕФке, Европа Биримдигине жана АКШ элчилигине – туруктуу колдоосу жана тилектештиги үчүн ыраазычылык билдиребиз”.

Ошондой эле ал Кыргызстан балдарды коргоонун улуттук системасын чыңдоону, адистердин квалификациясын жогорулатууну, медициналык жана психосоциалдык колдоого жетүүнү кеңейтүүнү жана жергиликтүү коомчулуктардын үй-бүлөлөрдү колдоого активдүү катышуусун камсыздоону уланта берерин белгиледи.

2019-жылдан тартып Борбор Азия өлкөлөрүнө 1,6 миңден ашуун бала репатриацияланган, алардын ичинде 382 бала Кыргызстанга кайтарылган. Олуттуу чакырыктарга карабастан, чөлкөмдүн өкмөттөрү эң татаал гуманитардык маселелердин бирин чечүүдө лидерликти жана даярдыгын көрсөтүп келишет.

Биз өнөктөштөрүбүзгө – ЮНИСЕФке, Европа Биримдигине жана АКШ элчилигине – туруктуу колдоосу жана тилектештиги үчүн ыраазычылык билдиребиз”.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар