Эмгек министринин орун басары Айнура Орозбаева «Жүрөктөн жүрөккө» жарманкесинде улуу муунду куттуктады

1-октябрда Бишкек шаарында Карылардын эл аралык күнүнө арналган «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү.

Иш-чаранын катышуучуларына жана конокторуна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева куттуктоо сөзүн жолдоп, улуу муундун  өкүлдөрүнө көп жылдык эмгегине, акылмандыгына жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымдарына терең ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, жакшылык жана активдүү узак жашоо каалады.

Жарманкеге улгайган муундун активдүү өкүлдөрү катышып, жүндөн жана кийизден жасалган буюмдарын, кол эмгектери жана сувенирлерин көргөзүп, кыргызстандыктардын бай салтын жана чыгармачылык жөндөмүн тааныштырды.

Иш-чаранын программасына ар түрдүү иш-чаралар кирди: лотереялар, кол өнөрчүлүк жана чыгармачылык боюнча мастер-класстар уюштурулду.

«Жүрөктөн жүрөккө» кайрымдуулук жарманкеси улуу муунга болгон урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын символуна айланып, муундар ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө түздү.

Пайдалуу
Ссылкалар