“Калыс-Ордо” конушунда бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземи болду

 

Бүгүн, 2025-жылдын 5-октябрында, «Калыс-Ордо» жаңы конушунда 110 балага ылайыкталган бала бакчанын курулушуна капсула cалуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Кувейттик «Шейх Абдулла Аль-Нури» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү (жетекчиси Уалид Ас-Саиф – Waleed Alsaif), ошондой эле фонддун өнөктөшү «Асанабил» фонду (жетекчиси Абделькарим Али Мохамед) катышты.

«Калыс-Ордо» социалдык шаарчасы аз камсыз болгон, көп балалуу жана жесир аялдар жашаган үй-бүлөлөр үчүн курулган. Учурда бул жердe 30 үй-бүлө жашап, алар үчүн ыңгайлуу жашоо, балдарды тарбиялоо жана билим алуу шарттары түзүлүүдө.

Капсула түптөө аземи жаңы конуштун инфраструктурасынын өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын башталышын тастыктады: мектептин курулушу аяктагандан кийин заманбап бала бакчанын курулушу башталды.

Өз сөзүндө министр Канат Сагынбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясат үй-бүлөнү ар тараптан колдоого жана демографиялык өнүгүүнү чыңдоого багытталганын белгиледи.

Министр ошондой эле 2025-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынганын билдирди. Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №370 «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке”төлөмүн берүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

«Мамлекеттик саясаттын аймактык деңгээлде донорлор менен ишке ашырылышы бизди кубандырбай койбойт. Ошондуктан Бишкек мэриясынын жана “Шейх Абдулла Аль-Нури” фондунун кызматташтыгы балдарды колдоого багытталган саясаттын үлгүлүү башталышы болуп саналат», — деди министр.

«Биз кувейттик өнөктөштөрүбүздүн социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз. Бүгүн түптөлгөн капсула биздин достуктун, ыраазычылыктын жана балдарыбыздын жарык келечегине болгон үмүттүн символу болсун», — деп белгиледи Канат Сагынбаев.

Пайдалуу
Ссылкалар