Кыргызстанда майыптуулугу бар кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо боюнча семинарлар башталууда

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси менен биргеликте гендердик теңчиликти илгерилетүү жана майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча ишин улантууда. Канаданын жергиликтүү демилгелер фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүү: Кыргызстанда гендердик зомбулуктан коргоону күчөтүү» долбоорунун алкагында өлкөнүн бардык облустарында маалыматтык-консультациялык семинарлардын сериясы башталат.

Чүй облусу жана Бишкек шаары үчүн биринчи семинар 2025-жылдын 7-октябрында өттү.

Семинар прокуратура органдарынын, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, адвокаттарга жана социалдык кызматкерлерге багытталган. Анын максаты – зомбулуктан жабыр тарткан, ар кандай формадагы майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды коргоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу жаатында кесиптик коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо.

Программада – укуктук базаны талдоо, эл аралык стандарттарга сереп салуу (Стамбул конвенциясы, Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенция), алгачкы коргоо чараларынын алгоритмдери, иштерди сотко чейинки жана соттук кароонун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле майыптыгы бар адамдар менен иштөөдө этика жана этикет маселелери. Окутуу теориялык сессияларды, практикалык сабактарды жана интерактивдүү көнүгүүлөрдү айкалыштырат.

Тренерлердин арасында аялдардын укуктарын коргоо, зомбулукка каршы күрөшүү жана укук колдонуу тажрыйбасында чоң тажрыйбага ээ болгон эксперттер Чынара Мусабекова жана Махабат Бекишова болду.

“Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аялдардын жана кыздардын, өзгөчө дискриминациянын бир нече түрүнө кабылган аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоону ырааттуу түрдө колдойт. Мындай семинарларды өткөрүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери, прокурорлор, адвокаттар жана социалдык кызматкерлер зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын өзгөчө муктаждыктарын жакшыраак түшүнүп, эске алышы үчүн маанилүү кадам болуп саналат”, – деп белгилейт КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева.

Семинарлар Кыргызстандын бардык 7 облусунда өтөт.

Пайдалуу
Ссылкалар