«Аялдардын жыргалчылыгы жана коопсуздугу» боюнча пилоттук изилдөөнүн суроолорун талкуулоого арналган жумушчу жыйын
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуттук статистика комитети менен биргеликте, «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) колдоосу менен, 9-октябрда «Аялдардын жыргалчылыгы жана коопсуздугу» боюнча пилоттук изилдөөнүн суроолорун талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Изилдөө куралы аялдарга карата зомбулук маселесин изилдөө боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эл аралык стандарттарына жана методологиясына ылайык иштелип чыгууда. Анда конфиденциалдуулукту, коопсуздукту жана сурамжылоолордун этикалык принциптерин сактоо негизги талап катары каралат.
Жыйындын максаты — пилоттук изилдөөнүн суроолорун методикалык жактан тактоо, сапаттуу жана ишенимдүү маалыматтарды алуу үчүн негиз түзүү. Бул маалыматтар улуттук статистика үчүн, Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) 5.2 көрсөткүчү боюнча отчеттуулук жана натыйжалуу саясаттык чараларды иштеп чыгуу үчүн маанилүү болуп саналат.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү эл аралык методологиялык инструменттерди улуттук контекстке ылайыкташтыруунун негизги ыкмаларын талкуулашты. Ошондой эле суроолордун туура которулушу, маданий өзгөчөлүктөрдү эске алуу жана сурамжылоолорду жүргүзүүнүн этикалык стандарттары боюнча пикир алышуу болду.
— «Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аялдардын коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыздоону мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири катары карайт. Биз аялдардын, балдардын жана майыптуулугу бар адамдардын социалдык коргоосуна жана колдоосуна багытталган натыйжалуу чараларды сапаттуу, ишенимдүү маалыматтарсыз иштеп чыгуу мүмкүн эмес деп эсептейбиз. Гендердик теңчиликке жетүү боюнча Улуттук стратегиянын 2030-жылга чейинки иш-чараларынын алкагында министрлик аялдарга карата зомбулук боюнча маалыматтарды жыйноо, талдоо жана пайдалануу системасын өнүктүрүүгө активдүү катышууда. Ошондой эле зомбулуксуз жүрүм-турум маданиятын калыптандырууга багытталган маалыматтык жана агартуу ишин жүргүзүүдө», — деди Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева.
Кыргыз Республикасындагы «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн өкүлү Садик Сайед өз сөзүндө мекемелер аралык кызматташуунун жана маалыматтарды чечим кабыл алуу үчүн колдонуу маанилүүлүгүн белгиледи:
— «Ар бир ишенимдүү көрсөткүч туура коюлган суроодон башталат. Сурамжылоо формасы — бул жөн гана техникалык курал эмес, ал натыйжалуу саясаттын негизи. Өкмөт жана өнөктөштөр менен биргеликте биз маалыматтарды иш-аракетке, далилдерди теңчиликке айлантабыз», — деп баса белгиледи ал.
Жыйын «Аялдардын жыргалчылыгы жана коопсуздугу» боюнча пилоттук этапка даярдык көрүүнүн алкагында өттү. Анын максаты — аялдарга карата зомбулуктун көлөмүн, формаларын жана кесепеттерин чагылдырган репрезентативдүү маалыматтарды алуу. Изилдөөнүн жыйынтыктары улуттук саясатты, алдын алуу программаларын жана жабыр тарткан аялдарды колдоо механизмдерин иштеп чыгууда негизги булак болуп калат.















