Россия Федерациясынын Новосибирск шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган бала мекенине кайтарылды
2025-жылдын 11-октыбрында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу тыгыз кызматташтыктын негизинде ата-энесинин камкордугусуз калган кыргыз жараны болгон баланы мекенине кайтарганын маалымдайт.
Баланы кайтаруу иш-чаралары эл аралык жана улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык, баланын мыкты кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлдү. Учурда министрлик тарабынан баланы жакын туугандарына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
2025-10-13














