Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү жаранга 1 миллион рубль өлчөмүндө компенсация алууга жардам берди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өндүрүштүк жаракаттан жабыркаган Кыргызстандын жараны Д.А.га жардам көрсөттү.
Жаран кайрылгандан кийин Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан «Консалтинг энд Коачинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен зарыл болгон сүйлөшүүлөр жана иштер жүргүзүлдү. Натыйжада Кыргыз Республикасынын жаранына 1 000 000 рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди.
Бул учур Россиядагы мекендештерибиздин эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Өкүлчүлүктүн эффективдүү ишмердүүлүгүнүн мисалы болуп саналат.
2025-10-21














