Эмгек министрлиги эскертет: 7-ноябрь иш күнү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 7 жана 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү — мамлекеттик майрам күндөрү болуп саналат.
Ошол эле учурда, эмгек мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, бул күндөр иш күндөрү болуп эсептелет, бирок иш күнү бир саатка кыскартылат.
8-ноябрь 6 күндүк иш жүмалыгы менен иштегендер үчүн иш күнү болуп саналат.
2025-10-22














