Эмгек министрлигинде аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу чараларын күчөтүү маселелери талкууланды
2025-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Айнура Орозбаева мамлекеттик органдардын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин, Акыйкатчы институтунун, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле БУУ-Айымдар, ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде «Аялдар жана баланын укуктарын коргоо лигасы» коомдук фондунун директору жана «SOS Балдар айылдары Кыргызстан» уюмунун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын максаты — аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо, бул багытта мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле зомбулуктун алдын алуу жана ага ыкчам чара көрүү боюнча биргелешкен сунуштарды жана механизмдерди иштеп чыгуу болду.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар жабыркагандарды коргоо системасындагы учурдагы көйгөйлөрдү, мекемелер аралык кызматташтыкты жана алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Өзгөчө көңүл мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдүн аракеттерин координациялоого, ошондой эле зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган заманбап ыкмаларды киргизүүгө бурулду.














