Эмгек министрлиги аныкталган балдардын дээрлик жарымына турмуштук оор кырдаалдан чыгууга жардам берди

Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча иштер улантылууда. Бул ишмердүүлүк 2015-жылдын 22-июнундагы №391 токтом менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзүлөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айында 4843 бала турмуштук оор кырдаалга кабылганы аныкталган. Алардын ичинен 2514 балага жекече иштөө пландары (БЖЖП) иштелип чыгып, 2488 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган.

Мындан тышкары, 1277 үй-бүлө жардамга муктаж катары катталган. Алардын ичинен 947 үй-бүлө социалдык колдоо көрсөтүүнүн (социалдык жардам көрсөтүлгөн, окууга жөнөтүлгөн, документтештирилген ж.б.) аркасында кризистен чыга алышкан.

Министрлик ошондой эле балдарга карата ырайымсыз мамиленин алдын алууга өзгөчө көңүл бурат. Ушул эле мезгил ичинде турмуштук оор кырдалга кабылган 444 бала ар кандай зомбулуктун түрлөрүнөн жабыркаган. Алардын баарына зарыл болгон социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн.

Пайдалуу
Ссылкалар