Эмгек министрлигинин “Балдар үчүн ишеним телефонуна” күнүнө 190дон ашык чалуулар кабыл алынат

 

 

2025-жылдын  тогуз айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Балдар үчүн ишеним телефонуна” 53 871 чалуу катталган. Бул орто эсеп менен суткасына 1 897, ал эми айына 5 985 чалуу дегенди билдирет.

Алардын ичинен 2 095 абонент кеңеш же жардам алуу үчүн кайрылган: алардын 869у (41,5%) – балдар, 1 226сы (58,5%) – чоңдор болгон.
Чалуулардын ичинен 1 498ине телефон аркылуу консультация жана сунуштар берилген, 421 абонентке психологдук колдоо көрсөтүлгөн, ал эми 176 кайрылуу мүнөзүнө жараша тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн жөнөтүлгөн.

Жынысы жана жаш курагы боюнча статистика төмөнкүдөй:
эркектер – 326 (15,6%), аялдар – 900 (42,9%), балдар – 245 (11,7%), кыздар – 624 (29,8%).

111 кыска номери бар ишеним телефону суткасына 24 саат иштейт жана өлкөнүн бардык аймактарынан акысыз чалууларды кабыл алып, оор турмуштук кырдаалдагы балдарга жана чоңдорго колдоо көрсөтөт.

Пайдалуу
Ссылкалар