Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу аймактарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси бекитилди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы №692 токтому менен Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу аймактарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси бекитилгенин жарыялайт.
Бийик тоолуу аймактар катары классификацияланган калктуу конуштардын бекитилген тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтында төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://drive.google.com/file/d/1H4pah70ZM1_bMq-_O19H5kFsMhbdElDb/view
2025-10-27














