Эмгек министри Канат Сагынбаев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады

Эмгек министри Канат Сагынбаев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Кожиро Накай жетектеген БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП БУУ) делегациясы менен жолукту.

Министр ДАП өкүлдөрүнө көп жылдык өнөктөштүгү жана социалдык программаларды ишке ашыруудагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Дүйнөлүк азык-түлүк программасы биздин негизги өнөктөшүбүз жана донорубуз болуп саналат. Кызматташтык жылдарында ДАП миңдеген жарандарга жардам берип, 60 миң тоннадан ашуун азык-түлүк берип, 166 миллион АКШ долларынан ашык көлөмдө колдоо көрсөттү», — деп белгиледи Сагынбаев.

Ал белгилегендей, 2014–2027-жылдарга карата меморандумдар жана стратегиялык кызматташтык пландарынын алкагында жалпы суммасы 166,2 миллион АКШ долларын түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинде инфраструктуралык, билим берүү жана киреше алып келүүчү демилгелер бар.

«ДАП менен биргеликте “эмгек үчүн азык-түлүк” долбоорлорунун эффективдүү моделин ишке ашырдык. Акыркы 11 жыл ичинде 7 500дөн ашык долбоор аткарылып, 50 миң жаран убактылуу жумуш менен камсыз болду, ал эми он миңдеген үй-бүлөлөр жаңы кесиптерди өздөштүрүштү», — деп баса белгиледи министр.

Сагынбаев ошондой эле сел, суу каптоо жана жаңжал сыяктуу өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркагандарга ыкчам гуманитардык жардам көрсөтүүдө ДАПтын маанилүү ролун белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек менен камсыз кылуу, чакан бизнести өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу жана санарип чечимдерди киргизүү тармактарында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

«Биз жарандардын кызыкчылыктарына толук жооп берген жана узак мөөнөттүү пайда алып келүүчү жаңы биргелешкен долбоорлорду пландаштырууга даярбыз», — деди министр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өнөктөштүгү Кыргызстан элинин жашоо сапатын жакшыртууга жана социалдык коргоо системасын бекемдөөгө мындан ары да өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

 

Пайдалуу
Ссылкалар