Эмгек министри К. Сагынбаев Жайыл психоневрологиялык социалдык мекемесинде күтүлбөгөн текшерүү жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев пландан тышкаркы текшерүүлөрдү улантып, Чүй облусунун Жайыл районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге  барды.
Текшерүүнүн алкагында министр мекемедеги жашоо шарттарын, медициналык тейлөө сапатын баалоо менен катар бейтаптардын коопсуздугун да өзгөчө көңүлгө алды. Бул кадам мекемеден чыгып кеткен жана үч күндөн кийин каза болгон бейтаптын окуясына байланыштуу болду.

Министр жеке өзү жашоо корпустарын, медициналык жана тамак-аш бөлүмдөрүн, айлананы кыдырып көрдү. Ошондой эле мекеменин жетекчилиги жана кызматкерлери менен сүйлөшүү өткөрүп, нөөмөт тартиби, тамактануу системасы, сейилдөө режими жана бейтаптардын туруктуу көзөмөлү боюнча отчеттор угулду.

«Мамлекеттин камкордугундагы ар бир адам – бул биздин жоопкерчилигибиз. Анын жашоо шарттарына, коопсуздугуна жана көрсөтүлгөн кызматтын сапатына кайдыгерликке жол бере албайбыз. Бул окуя толук жана ачык иликтөөнү талап кылат», – деп белгиледи Канат Сагынбаев.

Инспекциянын жыйынтыгында министр атайын комиссиялык жумушчу топ түзүү жана болгон окуянын бардык жагдайларын кылдат иликтөөнү тапшыруу чечимин кабыл алды. Эгерде мыйзам бузуулар же шалаакылык фактылары аныкталса, күнөөлүү тараптарга катуу тартиптик жана зарыл болгон учурда кылмыш жоопкерчилиги колдонулат.

Министр мекемедеги жайгашкан шарттарды эске алуу менен объекттин коопсуз иштөө режимин камсыз кылган нормативдик-техникалык документтерге инвентаризация жүргүзүүнү жана анын деңгээлин жогорулатуу боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Пайдалуу
Ссылкалар