“Аялдар – өзгөрүүлөрдүн лидерлери: Айнура Орозбаева аялдардын дүйнөнү куруудагы ролу жөнүндө”
2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1325-резолюциясынын 25 жылдыгына жана Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.
Өз сөзүндө Айнура Орозбаева тынчтыкты камсыз кылууда, коопсуздукту коргоодо, укуктарды алга жылдырууда жана ар кимге орун таба турган келечекти түзүүдө аялдардын ролу зор экендигин белгиледи. Ал өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген аял лидерлердин окуялары “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” күн тартиби жашоону, жамааттарды жана өлкөнү кандайча өзгөртүп жаткандыгын көрсөтүп турат деп баса белгиледи.
Министрдин орун басары ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия, анын улуттук иш-аракеттер пландары, ошондой эле 1325-резолюция боюнча улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу аркылуу гендердик теңчиликтин мамлекеттик саясатын ишке ашыруудагы маанилүү ролун белгиледи.”Социалдык коргоо, мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги жана тынчтык – бул өз ара байланышкан элементтер. Күчтүү социалдык институттар, чечимдерди кабыл алууда аялдардын катышуусу жана адам укуктарын урматтоосуз туруктуу коомду куруу мүмкүн эмес”, – деп баса белгиледи Айнура Орозбаева.
Министрлик “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” күн тартибинин принциптерин өз ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарына интеграциялоону, ошондой эле позитивдүү өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы болууга жөндөмдүү аял лидерлерди жана жаштарды активдүү колдоону улантат.
Жыйынтыгында министрдин орун басары өлкөнү күн сайын тынчтыкка жетелеген бардык аялдарга терең ыраазычылыгын билдирип, теңчилик, тынчтык жана коопсуздук максаттарына жетүү үчүн мамлекеттин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өнөктөштүгүн бекемдөөгө чакырды.















