Эмгек министри Канат Сагынбаев Дохада өткөн социалдык өнүгүү боюнча саммитте жакырчылыкты жоюу жана коомдук адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча жалпыга таандык максаттарды колдоорун билдирди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн Экинчи Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагында уюштурулган ачарчылык жана жакырчылык менен күрөшүү боюнча Глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышты.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында, делегацияны Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов жетектеп, Эмгек министри Канат Сагынбаев жакырчылыкты жоюу, социалдык коргоону чыңдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине арналган пленардык жыйындарга жана тематикалык сессияларга катышты.
Өзүнүн сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачарчылыктан, жакырчылыктан жана турмуштук кыйынчылыктардан жапа чегип жатканын белгилеп, бул адамзаттын биримдигин, боорукерлигин жана чечкиндүү биргелешкен аракеттерин талап кылган чоң трагедия экенин баса белгиледи.
«Биз алардын азабын жеңилдетүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга милдеттүүбүз. Бирок өзгөчө тилектештик сөздөрүн Палестина элине арнайм — бул эл аралык кылмыштын бир түрү болуп саналат», — деди Эдил Байсалов.
Саммиттин иш-чараларына катышуу учурунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жакырчылыкты жоюу жана коомдук адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча жалпыга таандык максаттарды колдоорун билдирип, жакырчылык жана социалдык теңсиздик менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.
Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын №1 «Жакырчылыкты жоюу» жана №2 «Ачарчылыкты жоюу» максаттарына жетүүдө эл аралык тилектештик жана кызматташтык принциптерин бөлүшүү менен ачарчылык жана жакырчылык менен күрөшүү боюнча Глобалдык альянска кошулду.















