Бийик тоолуу зоналарда жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар боюнча түшүндүрмө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому менен Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси бекитилген.

Бул токтом Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын узакка созулган ишинин натыйжасы болуп саналат.

Учурда, бийик тоолуу шарттарда жаңы калктуу конуштарда иштеген жана жашаган адамдарга эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө тиешелүү кошумча төлөмдөрдү жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомун актуалдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин, Министрлик бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда иштеген жана жашаган адамдардын эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча райондук коэффициентти төлөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын
25-июнундагы № 377
“Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы  зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алууну сунуштайт

Пайдалуу
Ссылкалар