Эмгек министрлиги «Биз биргебиз!» аттуу майыптуулугу бар адамдарды колдоо жана боорукерлик айлыгын башталганын жарыялайт
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптуулугу бар адамдарды колдоо жана боорукерлик айлыгы «Биз биргебиз!» аттуу иш-чаранын 15-ноябрдан 15-декабрга чейин өтөрүн жана анын 3-декабрдагы Эл аралык майыптуулугу бар адамдар күнүнө арналганын маалымдайт.
Бир айлык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелинен тартып, № 237 “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күндөрүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө”токтомунун алкагында, коомчулуктун көңүлүн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо, алардын өлкө турмушуна толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү жана инклюзивдүү демилгелерди өнүктүрүү маселелерине бурууга багытталган.
Аталган токтомго ылайык, министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айлыктын жүрүшүндө майыптыгы бар адамдарды колдоо жана боорукерлик чараларын жүргүзүүдө ар бир жаран үчүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн көз карандысыз тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча иштерди күчөтүшү зарыл.
Бул айлык – жөн гана иш-чаралар топтому эмес, ар бир адам өзүн керектүү жана корголгон сезген инклюзивдүү коомду түзүүгө багытталган маанилүү кадам.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бардык мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдү, бизнес өкүлдөрүн жана жарандарды бир айлыктагы иш-чараларга активдүү катышууга, өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга көңүл бурууга жана колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле жеткиликтүү жана инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө салым кошууга чакырат.
Маалымат үчүн:
Майыптуулугу бар адамдардын эл аралык күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1992-жылы бекитилген. Анын негизги максаты –майыптыгы бар адамдардын укуктарын коомдук жашоонун бардык тармактарында илгерилетүү жана алардын күнүмдүк жашоодо туш болгон көйгөйлөрү тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу.














