Майыптыгы бар адамдар өндүрүштүк процесстерге толук кандуу тартылууда
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев 2005-жылдан бери майыптыгы бар жаштарга колдоо көрсөтүп келе жаткан коммерциялык эмес уюм — «Чүй облусунун жаш майыптар Союзу» коомдук бирикмесине барды.
Чүй облусу боюнча майыптыгы бар 1600дөн ашуун адамды бириктирген “Чүй облусунун Жаш майыптар союзу” билим берүү борборунан тышкары, ар бир катышуучу өзүн керектүү экенин сезе алган чөйрө. Бул жерде майыптуулугу бар жаштар эмгек, чыгармачылык жана өз ара колдоо аркылуу активдүү коомдун бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк алышат.
Министрлик жүргүзүп жаткан майыптыгы бар адамдардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү саясатынын алкагында министр Канат Сагынбаев уюмда колдонулуп жаткан натыйжалуу ишке орноштуруу тажрыйбалары менен таанышып, бул моделдерди республиканын деңгээлинде жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн карады.
Коомго пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу инклюзивдүү коомду түзүүгө, жеткиликтүү чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзөт. Бул майыптыгы бар адамдардын эмгекке болгон кызыгуусун арттырып, коомдук жашоого активдүү катышуусуна түрткү берет. Учурда коомдук бирикме мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырып, күч түзүмдөрүн тигүү буюмдары менен камсыздап келет. Бул туруктуу жумуш орундарын түзүүгө жана кызматкерлерге туруктуу киреше алууга шарт түзөт.
«Бул тажрыйба туура уюштуруунун натыйжасында майыптыгы бар адамдар өндүрүштүк процесстерге толук кандуу тартылып, эмгек рыногунда ийгиликтүү атаандаша аларын айкын көрсөтүп турат», — деп белгиледи министр.















