Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин МСЭК кызматкерлерине байланыштуу видео боюнча комментарийи

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык тармактарда жана айрым медиа-ресурстарда тараган Республикалык медико-социалдык экспертиза борборунун (РМСЭБ) кызматкерлеринин катышуусундагы фото- жана видеоматериалдар коомдук пикирди атайылап бурмалоо максатын көздөгөндүгүн билдирет.

Таркатылган материалда кызматкерлердин спирт ичимдиктерин ичип жаткан сыяктанган көрүнүшү 2024-жылдын декабрь айында тартылган кадрлар болуп саналат жана Министрликтин учурдагы жетекчилигине эч кандай тиешеси жок. Өткөн жылдагы видеого бүгүнкү министр К.Л. Сагынбаевдин сүрөтүнүн чапталуусу адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракет катары бааланат.

Бул окуя боюнча тиешелүү кызматкерлерге карата РМСЭБ директорунун (ошол учурда М.С.) буйругу менен кызматтан бошотуу чарасы колдонулган. Бирок 2025-жылдын 12-августунда Ленин райондук сотунун чечими менен кызматкерлер кайрадан ишке калыбына келтирилип, аларды жумуштан бошотуу боюнча буйрук далилдердин жоктугунан мыйзамсыз деп табылган.

Эмгек министрлиги өзүнө караштуу мекемелерде тартипти чыңдоо жана дисциплинаны бекемдөө боюнча туруктуу иштерди жүргүзүп келет.

Министерлик массалык маалымат каражаттарына жана жарандарга, анын ичинде видеобайкоо системасына жеткиликтүүлүккө ээ болгон мурдагы кызматкерлерге, сүрөт жана видео материалдарды аларда көрсөтүлгөн адамдардын уруксатысыз таратуу – мыйзам бузуу экенин эскертет.

Министрлик өзүнүн функцияларын аткарууга тоскоол болгон мыйзам бузуулар үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу укугун өзүнө калтырат жана Министрликке жана анын жетекчисине кысым көрсөтүү аракеттерине мыйзамда белгиленген тартипте бөгөт коюлат деп билдирет.

Пайдалуу
Ссылкалар