Кыргызстанда эмгек рыногунда 8 миңден ашуун бош жумуш орундары бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт: ушул жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда 8136 бош жумуш орундары бар. Эң жогорку суроо-талап жумушчу адистиктерге багытталууда.

Учурда республикадагы расмий жумушсуздук деңгээли 1,4% түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 59,6 миң адамды түзсө, алардын ичинен 40,9 миңи расмий түрдө жумушсуз катары катталган. Жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 117 211 жаран кайрылган.

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын көмөгү менен 13 274 адам жумушка орноштурулду.

Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында окуулар уюштурулду. Алар: компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чачтарач, тырмак тазалоочу, укалоочу, визажист, котормочу, 1С программасы боюнча тажрыйбалуу бухгалтер, тигүүчү, электрогаз ширетүүчү, сантехник-слесарь

Пайдалуу
Ссылкалар