Министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммитинин жыйынтыктары боюнча жогорку деңгээлдеги консультацияларда адамдык капиталды өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарын көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомчулуктун катышуусу менен 25-ноябрда Бишкек шаарында өткөн “Социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммитинин жыйынтыктары боюнча андан аркы кадамдар” аттуу жогорку деңгээлдеги консультацияларда сөз сүйлөдү.

I-сессиянын “Адамга инвестиция салуу: Адамдык Капиталды Өнүктүрүү” алкагында министрдин орун басары билим берүү, саламаттык сактоо, иш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо тармактарындагы улуттук артыкчылыктар менен тааныштырып, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын максаттарына жетүүдөгү адамдык капиталдын борбордук ролун баса белгиледи.

Бакыт Дарманкул уулу Дохада кабыл алынган Саясий декларация 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын артыкчылыктары менен толук шайкеш келерин белгиледи: жакырчылыкты жоюу; татыктуу эмгек менен камсыздоо; сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү; балдар жана жаштардын дараметин өнүктүрүү; аялуу топторду колдоо жана “эч кимди артта калтырбоо” принцибин камсыз кылуу.

“Кыргыз Республикасы уникалдуу демографиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ: калктын жарымынан көбү — эмгекке жарамдуу жаштагы адамдар, ар бир үчүнчү жаран — бала. Министрликтин милдети — бул дараметти туруктуу экономикалык өсүшкө жана ар бир үй-бүлөнүн жыргалчылыгына айлантуу”, — деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Өз сөзүндө министрдин орун басары адамдык капиталды туруктуу өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган иштин негизги багыттарын белгиледи.

Министрдин орун басары 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган практикалык кадамдар аркылуу ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин белгиледи.

“Адамга инвестиция салуу — туруктуу өнүгүүнүн негизи. Өнөктөштөр менен биргеликте биз экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, татыктуу эмгек менен камсыз кылуу, кесиптик билим берүүнүн жана социалдык коргоонун сапатын жогорулатуу боюнча ишти улантабыз, ошондо ар бир жаран өзүнүн дараметин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат”, — деп баса белгиледи Бакыт Дарманкул уулу.

        

Пайдалуу
Ссылкалар