Кыргызстан менен Германия Берлиндеги бизнес-форумда бир катар меморандумдарга кол коюшту

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л.Сагынбаев эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, бизнес-коомчулугунун жана өнөктөш уюмдарынын өкүлдөрүн бириктирген “Берлинде Кыргызстандын улуттук экономика күнү” темасында Кыргыз-Герман бизнес-форумуна катышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен немис өнөктөштөрүнүн ортосундагы бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен «Janser Consult GmbH» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда ишке орноштуруу, кесиптик даярдоо жана интеграциялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен «Barmer Ersatzkasse» компаниясынын ортосунда Германияда жашаган жана иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо, медициналык жана социалдык камсыздандыруу жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен «Europa Park» компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Регенсбург жана Швандорф жумуш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум                                                     
Пайдалуу
Ссылкалар