Эмгек министрлиги: акыркы 5 жылда Кыргызстанда 1 584 майыптуулугу бар жаран ишке орноштурулду
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдө майыптулуугу бар адамдардын эмгекке орноштуруусун, кесиптик өнүгүүсүн жана социалдык интеграциясын колдоо боюнча системдүү иштер улантылып жатканын билдирет.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2020-жылдан 2025-жылдын январь–октябрына чейин жалпы 1 584 майыптуулугу бар жаран ишке орноштурулду, анын 806сы — аялдар. Жылдар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүчө:
- 2020-жыл — 175 адам (80 аял);
- 2021-жыл — 232 адам (109 аял);
- 2022-жыл — 263 адам (151 аял);
- 2023-жыл — 292 адам (158 аял);
- 2024-жыл — 341 адам (178 аял);
- 2025-жыл (10 ай) — 221 адам (129 аял).
Министрлик белгилегендей, бул өсүш кесиптик окутууну өнүктүрүү, ылайыкталган жумуш орундарын түзүү жана мамлекеттик колдоо программаларын кеңейтүү аркылуу мүмкүн болду. Бул чаралар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык интеграциясына жана экономикалык көзкарандысыздыгына өбөлгө түзүүдө.
Социалдык контракт программасы эмгек рыногунда өз алдынча иштөө же ишкердик демилгелерин өнүктүрүүгө багытталган. 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин социалдык контракт аркылуу 3 146 майыптуулугу бар жаран колдоо алды.














