«Майыптыгы бар аялдар менен кыздардын зомбулуксуз жашоого болгон укугу: чакырыктар менен мүмкүнчүлүктөр» пресс-кафеси
2025-жылдын 2-декабрында Бишкекте зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдар менен кыздарды коргоого арналган пресс-кафе өткөрүлдү. Иш-чара Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүн утурлап уюштурулган жана “Аялдар менен кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүү иш-аракет” глобалдык кампаниясынын алкагында уюштурулду.
Майыптыгы бар аялдар, мамлекеттик органдардын, ЖМКнын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү бир аянтчага чогулушту. Пресс-кафе форматы журналисттерге эксперттер менен түздөн-түз баарлашып, суроолорду бергенге жана баяндарды адамдардын өз ооздорунан угууга мүмкүндүк берди.
Иш-чаранын негизги спикерлери:
— Айнура Орозбаева, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
— Айчүрөк Назаралиева, КР Акыйкатчысынын орун басары;
— Данияр Сапарбаев, КР ИИМ Коомдук коопсуздук кызматынын Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө пункттарынын ишмердигин координациялоо бөлүмүнүн начальниги;
— Венера Болтобаева, КР Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борбору;
— Казакунова Гульмира Кантиновна, “Теңдик”(“Равенство”) Майыптыгы бар адамдардын Союзу КБ;
—Матильда Богнер, БУУ Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Борбордук Азиядагы Регионалдык өкүлү
Программага майыптыгы бар аялдар менен кыздарды коргоо жөнүндө видеоролик, «КӨРҮНҮКТҮҮ ҮН» («Видимый голос») көргөзмөсүнүн презентациясы, викторина жана журналисттерге катышуучу айымдардын комментарийлери менен жеке баяндарын жазып алууга мүмкүндүк берген интервьюлар үчүн атайын убакыт камтылган.
Пресс-кафенин милдети — бул теманын коом жана медиа үчүн көрүнүктүү болушуна жетишүү. Көпчүлүк майыптыгы бар аялдар менен кыздар жынысы жана майыптыгы боюнча экилтик басмырлоого дуушар болууда. Ошол эле учурда алардын коргоого алынуу, сот адилеттигине жетүү жана колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү боюнча калып жатат. Иш-чара медианын алардын укуктарына көңүлүн буруусун күчөтүүгө, журналисттердин инклюзивдүү темаларды чагылдыруудагы компетенциясын чыңдоого, активисттер, эксперттер жана ЖМК ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга арналган.
Айнура Орозбаева зомбулукка кабылып жаткан майыптыгы бар аялдар менен кыздардын укуктарын коргоодогу ЖМКнын ролун баса белгиледи: «Медиа коомдун кабылдоосун калыптандырат. Журналисттер инклюзия темаларын кесипкөйлүк жана сый-урмат менен чагылдырган учурда стереотиптердин талкаланышына, адамдардын өмүрү менен ар-намысы корголушуна көмөк көрсөтүшөт».
Пресс-кафе КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен КР Акыйкатчысы тарабынан “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмеси менен биргеликте Европа Биримдигинин, БУУ Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын жана Канада жергиликтүү демилгелер фондунун колдоосу менен өткөрүлдү.















