«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын 11 айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын 11 айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2025 – жылдын 11 айында 63914 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 191, бир айда 5810 чалуу) түшкөн.
2670 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (1132 же 42,4% жаш балдар, ал эми 1538 же 57,6% чоң кишилер), анын ичинен 1903 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 551 абонентке психологиялык консультация берилген, 216 кайрылуу тиешелүү мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
2670 чалуунун ичинен эркектерден – 414 (15,5%), аялдардан – 1124 (42,1%), эркек балдардан – 314 (11,8%), кыздардан – 818 (30,6%).
577 (балдар 487) кайрылгандар же 21,6% балдарды тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдар менен ата – энелердин, мугалимдердин өз ара мамилеси жөнүндө суроолор түшкөн.
457 (балдар 22) же 17,1% кайрылган абоненттердин ичинен көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган.
Психологиялык жабырлануудан 396 (балдар 267) же 14,8% абонент кайрылган.
310 (балдар 51) абонент же 11,6% гуманитардык, финансылык жана башка жардам сураган.
Билим берүү системасы жөнүндө 161 (балдар 27) же 6,0% абонент чалган.
149 (балдар 85) же 5,6% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгонун кабарлашкан.
Үй – бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө 147 (балдар 17) же 5,5 % абонент чалган.
125 (балдар 65) же 4,7% башка суроолор менен чалуулар болгон.
77 (балдар 33) же 2,9% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылган.
68 (балдар 17) же 2,5% абонент үй – бүлөлүк зомбулук жөнүндө кабарлаган.
55 (балдар 15) же 2,2% абонент медициналык камсыздоо жөнүндө чалган.
45 (балдар 2) же 1,7% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине даттануу болгон.
41 (балдар 11) же 1,5% кайрылуу балдарга карата кайдыгер мамиле болгону жөнүндө түшкөн.
34 (балдар 17) абонент же 1,3% мектептеги рэкет жөнүндө билдирген.
28 (балдар 16) же 1,0% суицид жөнүндө чалган.
61244 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 638 (23,9%);
– Чүй облусунан – 238 (9,0%);
– Жалал-Абад облусунан – 151 (5,7%);
– Ош шаарынан – 110 (4,1%);
– Ош облусунан – 103 (3,8%);
– Ысык-Көл облусунан – 90 (3,4%);
– Баткен облусунан – 52 (1,9%);
– Нарын облусунан – 49 (1,8%);
– Талас облусунан – 35 (1,3%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 1204 (45,1%).
Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын маанисине жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.
216 кабарланган билдирүүнүн ичинен 170 (78,7%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү, 43 (20,0%) – ички иштер органдарына, ӨКМнин 112 кызматына – 3 (1,3%) жөнөтүлгөн.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.
Биргеликте жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.
216 кабарланган билдирүүнүн ичинен:
– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу: 24 факты анык болгон (3 бала үй – бүлөдөн алынып, фостердик үй – бүлөгө жайгаштырылган; 9 өспүрүм бала убактылуу борборго жайгаштырылган; 1 аял РИИБна арыз менен кайрылган; 8 үй – бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 1 бала энеси менен ооруканага жайгаштырылган; 2 үй – бүлө каттоого алынган), 19 факты аныкталган эмес, 9 каралууда;
– үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу: 9 факты аныкталган (1 мас абалдагы күйөө наркологиялык мекемеге жайгаштырылган; 1 факты боюнча соттун чечими менен жабыр тарткан адамдын кызы административдик жумушка тартылган; 2 жабырлануучу аял РИИБна арыз менен кайрылуудан баш тарткан; 1 үй-бүлө айыл өкмөткө каттоого алынган; 1 аял баласы менен кризистик борборго жайгаштырылган; 3 факты боюнча 3 эркек менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн);
– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 11 факты аныкталган, (6 бала үй – бүлөдөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган; 5 үй – бүлө РШЭСКМБ тарабынан каттоого алынып, кызматкерлер тарабынан баланын ден соолугу, балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча ата – эненин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн), 10 факты аныкталган эмес;
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РШЭСКМБнын кызматкерлери 80 үй – бүлөнүн жашаган жерине барып, изилдеп чыгышкан (1 өспүрүм кызга жана 2 аялга коргоо ордери берилген; 12 үй – бүлөнү текшерүүгө мүмкүн болгон эмес, себеби алар туура эмес даректи берген, же ээси башка жакка көчүп кеткен; 2 аял үйүнүн эшигин ачпай койгон, бирок 1 аялдын баласы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 1 факты боюнча жаш өспүрүм кызды мектеп окуучуларынын алдында кемсинткендиги тууралуу үй – бүлө жана мугалимдер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 18 үй – бүлөнүн балдары канааттандырарлык шартта жашайт, ошентсе да үй – бүлөнүн мүчөлөрү менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 4 жаш өспүрүм балдар убактылуу борборго жайгаштырылган; 10 үй – бүлө РШЭСКМБ тарабынан каттого алынган; 1 факты боюнча балдарды атасы менен жолугуп, көрүшүп турганга аял күйөөсү келишимге келишкен; 4 өспүрүм РИИБна жеткирилип, ата – энесине кайтарылган; 1 өспүрүм РИИБна жеткирилип, камкорчусу чакыртылган; жоголгон кыздар боюнча 3 факты аныкталган эмес, себеби алар атасы менен жашаарын каалашкан; үйүнөн качып кеткен 1 кыз РИИБна жеткирилип, ата – энесине берилген;1 абонентке азык түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөн; 1 кайрылуу боюнча аялга тез жардам чакырылып, баласы убактылуу балдар ооруканасына жаткырылган; ИТБМда кайтаруу эрежелерин бузгандыгы жөнүндө 1 факты аныкталган эмес; ИТБМде жайгашкан балдарды көрүүгө тыюу салынгандыгы боюнча 1 факты анык болгон, себеби аялдын ата – энелик укугунан ажыратылгандыгы тастыкталган; 1 факты боюнча чоң энесинин колунда жашаган балдардын абалы Балдар иштери боюнча комиссияда каралып, энесин ата – энелик укугунан ажыратуу үчүн ишти сотко өткөрүп берүү чечими чыгарылган; үй – бүлөнү жана балдарды текшерүүнүн жүрүшүндө балдарга карата ырайымсыз жана кайдыгерлик мамиле тууралуу 1 факты аныкталып – 2 бала алынып, убактылуу ИТБМне жайгаштырылган; 3 кайырчылык кылуу фактысы боюнча РИИБда жана РЭСКМБдан профилактикалык иштери жүргүзүлүп 3 аялдын жеке өзүлөрү жана балдары менен алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протокол түзүлгөн; 2 кайрылуу боюнча иш РИИБда каралууда, кайырчылык кылуу 5 факты аныкталган эмес, себеби РИИБнын кызматкерлери барганда, балдары менен аялдар көрсөтүлгөн даректе болгон эме), 31 факты аныкталган эмес, 3 кайрылуу каралууда;
– үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө: 1 факты боюнча РИИБнын кызматкерлери үй – бүлө менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн; 2 факты аныкталган эмес;
– жардам берүү жөнүндө: 4 кайрылуу боюнча жаш өспүрүмдөр табылып, ата – энесине берилген; 1 өспүрүм тайкесине камкордукка берилген; 1 факты боюнча 1 жаш кыз үйүнөн алынып, “Акниет” балдар борборуна убактылуу жайгаштырылган; өрт тууралуу 1 факты билдирүү тастыкталып, окуя болгон жерге ӨКМ кызматкерлери тарабынан өрт өчүрүү кызматы жөнөтүлгөн; 2 абоненттин суранычы менен көрсөтүлгөн жерге РИИБнын патрулдук-пост кызматы жөнөтүлгөн; ата – энеси тарабынан коркутуу болгон 1 факты аныкталган эмес, себеби абонент психикалык жактан ооруулуу;
– мектептеги рэкет жөнүндө: 2 факты аныкталган, РИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорку класстын окуучулары жана ата – энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар каттоого алынган;
– балдардын жүрүм-түрүмү, балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилелери жөнүндө: 1 факты аныкталган эмес, атасы жана өспүрүм менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн;
– мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине же кызматкерлерине даттануу тууралуу; РИИБдин үстүнөн түшкөн арыз боюнча 1 факты тастыкталып, РИИБнин кызматкерлери тарабынан анын кармалышынын себеби түшүндүрүлгөн;
– медициналык камсыздоо боюнча: 1 факты боюнча ӨКМ кызматы тарабынан тез жардам кызматы жөнөтүлгөн, бирок дарек туура эмес көрсөтүлгөндүктөн, жүрөгү орууган адам аныкталган эмес;
– суицид боюнча: 1 факт аныкталып, жаш өспүрүм ооруканага жаткырылган, 1 факты аныкталаган эмес, себеби абонент психикалык жактан оорулуу.
2025 – жылдын 11 айында (2670 чалуу) түшкөн чалуулардын саны 2024 – жылдын 11 айына (1717 чалуу) салыштырмалуу 55,5% көбөйгөн.
Кабыл алынган чалуулар боюнча маалымат ай сайын министрликтин расмий сайтында жана маалымат агенттиктердин сайтына жайгаштырылып турат.














