“Миграция контекстиндеги гендер жөнүндө диалог” аттуу тегерек столу болуп өттү
2025-жылдын 8-декабрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюму (МЭУ) менен биргеликте “Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” кампаниясынын алкагында жана Эл аралык мигрант күнүнө карата уюштурулган “Миграция контекстиндеги гендер жөнүндө диалог” аттуу тегерек столу болуп өттү. Иш-чара миграциянын гендердик аспектилерин жана мигрант аялдардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык миссиялардын, жарандык коомдун жана иш менен камсыз кылуунун жеке агенттиктеринин өкүлдөрүн бириктирди.
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева миграция өлкө үчүн негизги багыт бойдон кала берерин, ал эми мигрант аялдардын укугун коргоо-улуттук саясаттын маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи. Ал 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияны ишке ашырууну жана аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо кошо алганда, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана гендердик теңчиликти алдыга жылдыруу боюнча мамлекеттин күч-аракетин белгиледи.
Катышуучуларга эксплуатация тобокелдиктерин алдын алууга жана мигранттарды коргоо механизмдерин бекемдөөгө багытталган “Борбордук Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбоору сунушталды.
“Коопсуз миграциянын контекстиндеги гендердик маселелер” сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун, Кыргыз Республикасындагы Эл аралык миграция уюмунун өкүлдөрү баяндамаларын жасашты.
Спикерлер аялдар үчүн миграциянын коопсуз жана адилеттүү шарттарын камсыз кылууда, анын ичинде маалыматка жетүүнү, укуктук колдоону жана коргоо механизмдерин кеңейтүүдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучуларга “Борбордук Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын коопсуз миграциясы” демилгеси сунушталды.
Тегерек столдун аягында мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү гендердик теңчилик жана миграциялык процесстерди башкаруу чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары чыңдоого даярдыгын ырасташты.

2025-12-12














