Кыргыз Республикасында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Улуттук жетекчи комитетинин Жетинчи жыйыны өттү

 

Кыргыз Республикасында Швейцариянын кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин жана Жашыл климаттык фонддун колдоосу менен Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Улуттук жетекчи комитетинин Жетинчи жыйыны болуп өттү.

Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары
К.С. Досматов саламдашуу сөзү менен чыгып, социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул долбоорлор аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого жана туруктуу киреше булактарын түзүүгө багытталган.

2025-жылдын башынан бери “Социалдык жөлөкпулдун/акчалай жардамдын ордуна иш” программасынын алкагында 9 000ден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөгө 98,6 млн сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлдү. Ошондой эле 43 чакан өндүрүш цехин түзүү боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп, бул жумушсуздукту азайтууга жана жергиликтүү деңгээлде экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жана ишке ашырылып жаткан программалардын натыйжалуулугун жогорулатууга даяр экендигин билдирди.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар