Жогорку квалификациялуу мигранттар үй-бүлөлөрүнө көбүрөөк жардам көрсөтүшөт — эмгек министринин орун басары
2025-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында Эл аралык мигранттар күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу коопсуз жана мыйзамдуу эмгек миграциясынын маанисин, ошондой эле бул процессте жеке менчик иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ролун баса белгиледи.
«Мигранттар — бул бир гана экономикалык категория эмес, бул адамдар, алардын тагдыры жана алардын укуктары менен коопсуздугу мамлекеттин жоопкерчилиги», — деп белгиледи министрдин орун басары.
Ал жарандардын кесиптик квалификациясы канчалык жогору болсо, чет өлкөдөгү эмгек акысы жана үй-бүлөлөрүнө жөнөтүлгөн акча каражаттары да ошончолук көбөйөрүн кошумчалады. Анын айтымында, жыл сайын дээрлик 100 миң кыргызстандык чет өлкөгө чыгардын алдында кеңеш алуу үчүн кайрылат, алардын 17–21 пайызы аялдар болуп саналат. Бул жагдай алардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Бакыт Дарманкул уулу ошондой эле эмгек мигранттарынын саны акырындык менен азайып жаткан оң тенденцияны белгилеп, бул өлкө ичинде жумуш орундардын көбөйүшү жана экономиканын өнүгүшү менен байланыштуу экенин айтты.
Иш-чаранын алкагында мыкты жеке менчик иш менен камсыз кылуу агенттиктери сапаттуу иши, мыйзамдуу эмгек миграциясын өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле заманбап стандарттарды киргизип, кызматтарды санариптештиргени үчүн сыйланышты.














