Бишкекте гендердик теңчилик боюнча Өлкөлүк аналитикалык сереп тааныштырылды

 

2025-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «БУУ-Аялдар» түзүмү менен биргеликте жана Европа Биримдигинин колдоосу менен «Ар бир аял жана кыз маанилүү» аттуу регионалдык программанын алкагында гендердик теңчилик саясатын илгерилетүү боюнча Улуттук диалог өткөрдү. Иш-чаранын негизги окуясы гендердик теңчилик боюнча Өлкөлүк аналитикалык серептин бет ачары болду. Бул сереп жетишилген прогрессти баалоого, системалык тоскоолдуктарды аныктоого жана гендердик теңчилик чөйрөсүндө практикалык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.

Сереп Кыргыз Республикасынын эл аралык жана улуттук милдеттенмелерине, анын ичинде 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияга, ошондой эле Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумда Улуттук ыктыярдуу серепти (VNR) даярдоо жана сунуштоо боюнча милдеттенмелерге ылайык иштелип чыккан. Документ мамлекеттик саясатты өркүндөтүү үчүн комплекстүү далилдүү база болуп саналат жана реформаларды пландаштырууда, ошондой эле гендердик теңчиликке жетишүүдөгү прогрессти мониторинг кылууда мамлекеттик органдарга ишенимдүү жана салыштырмалуу маалыматтарга таянууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов документтин стратегиялык маанисин белгилеп: «Мамлекеттик башкаруу тутумунда аялдардын өкүлчүлүгүнүн учурдагы деңгээли жетишсиз бойдон калууда. Аялдардын шайлануучу органдарда гана эмес, аткаруу бийлигинде да, бардык деңгээлдеги жетекчилик кызматтарда толук кандуу өкүлчүлүгүн камсыз кылуу үчүн практикалык жана системалуу чечимдер зарыл», — деди.

Серептин маалыматтарына ылайык, аялдардын жумуш менен камсыз болуу деңгээли 49,3 пайыздан 43,8 пайызга чейин төмөндөгөн, эмгек акыдагы гендердик ажырым орто эсеп менен 25 пайызды түзөт, ал эми аялдардын акы төлөнбөгөн үй иштерине күнүнө орточо 4 саат 20 мүнөт жумшаары аныкталган. Бул көрсөткүч эркектердикине салыштырмалуу беш эсе жогору. Аялдар жергиликтүү кеңештердеги орундардын 39 пайызын ээлегенине карабастан, Министрлер Кабинетиндеги алардын үлүшү болгону 5 пайызды түзөт. Өлкөдө 16 кризистик борбор иштеп жатат, мында акыркы бир жылда алардын кызматтарына болгон суроо-талап 21 пайыздан ашык өскөн. Бул маалыматтар аялдар жана кыздар үчүн тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүүгө багытталган мамлекеттик саясаттагы системалуу чараларды күчөтүүнүн зарылдыгын тастыктайт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева Сереп мамлекеттик саясатты өркүндөтүү үчүн маанилүү курал болоорун белгилеп: «Бул документ жетишилген прогресстин жана сакталып турган тоскоолдуктардын объективдүү көрүнүшүн берет. Ал мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жана ведомстволор аралык координацияны жогорулатуу үчүн практикалык инструментке айланат», — деди.

Кыргыз Республикасындагы «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн өкүлү Садик Сайед талдоодон практикалык аракеттерге өтүүнүн маанисин баса белгилеп: «Бүгүнкү диалог — талдоодон ишке ашырууга карай жасалган кадам. Биздин жалпы милдет — Серептин жыйынтыктары бардык аялдар менен кыздардын кызыкчылыгында саясатка, каржылоого жана отчеттуулук механизмдерине интеграцияланышын камсыз кылуу», — деп белгиледи.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышып, гендердик теңчиликке жетишүүдөгү прогрессти бекемдөө үчүн Серептин жыйынтыктары менен сунуштарын колдонуу боюнча кийинки кадамдарды, сектордук реформаларды шайкеш келтирүү жана мониторинг механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Пайдалуу
Ссылкалар