Бишкекте Президенттик жаңы жылдык балаты майрамы өттү
Бүгүн, 19-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн салтка айланган Президенттик жаңы жылдык майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1 100 бала чакырылды. Алардын арасында мыкты окуучулар, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн кызмат алуучулары, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле майыптуулугу бар балдар.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу 2025-жылдагы Президенттик балатыга 204 бала катышты. Алар — ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын балдары, жетим балдар, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы социалдык жана стационардык мекемелердинкызмат алуучулары жана өкмөттүк эмес уюмдардын балдар топтору.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан куттуктоо кайрылуусун окуп берди.
Кичинекей коноктор үчүн балдар бий коллективдеринин тарбиялануучулары тарабынан даярдалган театрлаштырылган музыкалык жаңы жылдык көрсөтүү тартууланды.
Иш-чаранын соңунда балдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды.















