Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жараны болгон аялдын балдарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жараны А.А. тарабынан мурдагы жолдошу М.М. тарабынан балдарына карата мүмкүн болгон зомбулук фактысы боюнча жасалган кайрылууга байланыштуу көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдайт.
Эненин маалыматына ылайык, 2025-жылдын ноябрь айында М.М. балдарды Россия Федерациясына социалдык жөлөкпулдарды тариздөө шылтоосу менен чакырган. Балдар атасына тууганынын коштоосунда жөнөтүлгөн. Көрсөтүлгөн бардык адамдар Россия Федерациясынын жарандары болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын жаранынын кайрылуусу Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлүп, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Москва шаарынын Якиманка райондук ИИМ бөлүмүнүн кызматкерлери жана жашы жете электер менен иштөө боюнча инспектор менен жолугушууларды өткөрүштү. Балдарды коргоо боюнча биргелешкен чараларды көрүү жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Көрсөтүлгөн адамдардын жүргөн жери аныкталгандан кийин, Өкүлчүлүк алардын мындан аркы жашоо-шартын жөнгө салуу боюнча, анын ичинде балдарды энесине өткөрүп берүү чараларын көрөт. Атасы балдарды мамлекеттик чек ара аркылуу алып чыгууга нотариалдык макулдук берүүдөн баш тарткан учурда, Россиянын камкордук жана көзөмөл органдары балдарды убактылуу балдар үчүн социалдык мекемелерге жайгаштырышы мүмкүн.
А.А.га камкордук тариздөө жана балдардын жашаган жерин энеси менен аныктоо маселелери боюнча юридикалык консультациялар көрсөтүлдү.














