2025-жылы Кореяга EPS программасы боюнча ишке орношуу маселелери боюнча 4 315 Кыргызстандын жараны консультация алуу үчүн кайрылышты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги менен түзүлгөн Меморандумдун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасына ишке орноштуруу программасы ишке ашырылып келет. Бул программа 2007-жылдан бери иштеп, ар эки жылда үзгүлтүксүз узартылып турат.
Программага катышуу үчүн корей тилин билүү боюнча эки этаптан турган тестирлөө өткөрүлдү: экзаменге 1 350 адам катышып, алардын ичинен 339 талапкер ийгиликтүү тапшырды. Натыйжада 225 адам эмгек келишимине ээ болуп, 232 Кыргыз Республикасынын жараны, анын ичинде 30 аял Корея Республикасына ишке чыгып кетишти.
Ишке орношкон жарандардын көпчүлүгү тамак-аш, химиялык, кагаз өнөр жай ишканаларында, ошондой эле пластик, резина жана айнек буюмдарын чыгаруучу заводдордо эмгектенишет. Орточо айлык акысы 1 700 АКШ долларын түзөт.
Учурда EPS программасынын алкагында Корея Республикасында 1,5 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жараны иштеп жатат.
Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына коррупция схемалары жана көрүнүштөрү жөнүндө
www.anticorr.gov.kg сайтына
билдирсениз болот
КР Өкмөтунүн аппаратынын
ишеним телефону:
(0312)625-385 (9:00 18:00 чейин иш күндөрү)
Кара-Көл шаарындагы балдардын жана жаштардын абалы