2026-жылдан тарта Кыргызстанда бийик тоолуу райондордогу үй-бүлөлөргө жаңы жөлөк пул бериле баштайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан министрликтин Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн жөлөкпулдун жаңы түрү – “Бийик туолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” боюнча окутуу өткөрүлдү.
Ведомствонун маалыматы боюнча, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт. Тренингдин жүрүшүндө жөлөкпулдун бул түрү боюнча жаңы Социалдык камсыздоонун бирдиктүү системасында модулу менен иштөө көрсөтүлүп, дайындоо тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Бул жөлөкпулду дайындоого жарандардын арыздары 2026-жылдын январынан баштап кабыл алынат жана 2026-жылдын 1-февралынан баштап 3000 сом өлчөмүндө төлөнүп башталат.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз менен кайрылышы керек.
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 193 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамы менен, 2026-жылдын 1-январынан тартып “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу киргизилерин Министрлик эскертет.
Жөлөкпулдун бул түрү социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан төлөнөт.
Пайдалуу
Ссылкалар