Эмгек министрлиги: жеке ишке орноштуруу агенттиктери 17 миңден ашуун жаранды чет өлкөлөргө ишке жайгаштырды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө ишке орноштурууга уруксат берүү үчүн документтерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 10 жыйыны өткөрүлдү. Жалпы 143 уруксат берилди, 206 арыз келип түшүп, 19 арыз ээсине баш тартуу чечими чыгарылды, 51 арыз кароодо турат (анын ичинен 22си төлөнгөн эмес).
Жыл башынан бери жеке ишке орноштуруу агенттиктери жалпы 17 167 жаранды ишке орноштурушту, алардын 6 957си — аялдар. Эң көп суроо-талапка ээ болгон багыттар Улуу Британия (5 284 адам), Түркия (5 287), Германия (2 707), Болгария (1 273) жана Россия (1 463) болду. Калган жарандар Европа жана Азия өлкөлөрүндө, круиздик лайнерлерде, ошондой эле бир катар араб мамлекеттеринде ишке орношушту.
Уруксат берүү кызматтарынан республикалык бюджетке түшкөн киреше 572 миң сомду түздү. Мындан тышкары, Борбор иш берүүчүлөрдүн же ортомчулардын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу 20 жаранга жалпы суммасы 1 130 603 сомду түзгөн акча каражаттарын кайтарып алууга көмөк көрсөттү.
Бул чаралар уюшкан түрдө ишке орноштуруу процессин тартипке салууга, мигранттардын укуктарын коргоого жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Пайдалуу
Ссылкалар