IV Курултайдын алкагында Эмгек министрлигине жарандардан 51 кайрылуу келип түштү
Бишкекте 24-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында IV Элдик курултайдын делегаттарын кабыл алуу өз ишин аяктады.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине делегаттардан 51 кайрылуу ( оозеки жана жазуу) келип түшкөн.
Делегаттарды министр К.Л.Сагынбаев өзү кабыл алып, жолугушууда көтөрүлгөн негизги маселелер бийик тоолуу райондор, тышкы жана ички миграция көйгөйлөрү, жөлөкпулдарды дайындоо тартиби, майыптуулугу бар адамдарды колдоо жана башка актуалдуу социалдык темалар болду.

2025-12-25














