IVЭлдиккурултай2025- Эмгек министри делегаттарды кабыл алууда
2025-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында IV Элдик курултайдын делегаттарын кабыл алуу башталды.
Бул жылы Элдик курултайдын өзгөчөлүгү — делегаттар үчүн түзүлгөн жаңы формат. Ага ылайык, делегаттар Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен түздөн-түз жолугуп, өздөрүн кызыктырган суроолорду жеке берип, актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Делегаттарды кабыл алуунун алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Л. Сагынбаев делегаттарды жеке кабыл ала баштады. Делегаттар министрликке эмгек мамилелери, жумуш менен камсыз кылуу, социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө, майыптыгы бар адамдарды колдоо, ошондой эле тышкы миграция маселелери боюнча кайрыла алышат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда өтө турган Элдик курултай 2025-жылдын 25–26-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Бул иш-чара мамлекеттик органдар менен эл өкүлдөрүнүн ортосунда ачык диалог жүргүзүүгө, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыттарды талкуулоого жана жарандар менен болгон кайтарым байланышты чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.

2025-12-25














