К. Л. Сагынбаев кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен миграция маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Л. Сагынбаев Россиядан, АКШдан, Германиядан, Канададан, Корея Республикасынан, Түркиядан жана Европа өлкөлөрүнөн келген IV Элдик курултайдын делегаттары — кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Өз сөзүндө министр делегаттарга активдүү жарандык позициясы жана чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө делегаттарга министрликтин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу кеңири маалымат берилди. Тактап айтканда, коопсуз миграцияны камсыз кылуу жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, миграциялык концепциянын алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу, статистикалык көрсөткүчтөр, калкты иш менен камсыз кылуу маселелери жана социалдык төлөмдөрдү дайындоо тартиби тууралуу сөз болду.
Мындан тышкары, эмгек мигранттарын реинтеграциялоого багытталган ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ачык талкуунун алкагында жарандардын чет өлкөлөрдө эмгек укуктарын коргоо, балдарды мекенине репатриациялоо, реестрлер системасынын иштеши, «жүк 200» менен байланышкан маселелер, сезондук жумуштарга тартылган студенттердин абалы, ошондой эле колл-борборлордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча актуалдуу суроолор көтөрүлдү.
Жолугушуу конструктивдүү жана иштиктүү маанайда өттү. Министрликтин жооптуу кызматкерлери өз компетенциясынын алкагында бардык суроолор боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти. Иш-чаранын жыйынтыгында протокол түзүлүп, министрлик белгиленген багыттар боюнча мындан ары да натыйжалуу кызматташууну улантууга даяр экенин ырастады.
Пайдалуу
Ссылкалар